Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:54

ТИМ: АКШда туристтик жана студенттик виза талабын бузган кыргыз жарандары көбөйдү


Тышкы иштер министрлигинин имараты.
Тышкы иштер министрлигинин имараты.

АКШнын Ички коопсуздук министрлигинин маалыматына ылайык, акыркы жылдары кыргызстандык мигранттардан виза режими, анын ичинде туристтик (B1/B2), студенттик (F, J, M) визалары боюнча мыйзам бузгандар көбөйдү. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 20-июнда билдирүү таратып, Кошмо Штаттардагы жарандарды мыйзамдарды так сактоого чакырды.

Мындан улам министрлик мекендештерди АКШ визасынын мөөнөтүн так сактап, берилген убакыт бүткөнгө чейин өлкө аймагынан чыгып кетүүсү керектигин билдирди.

"Министрлик визалык режимди сактабаган учурлар терс кесепеттерди жаратып, мыйзам бузгандардын өздөрүнө гана эмес, АКШга барууну каалаган башка жарандар үчүн дагы виза алууну татаалдаштырышы мүмкүн экендигин" баса белгиледи.

Дипломатиялык мекеме мындан ары да АКШ менен визалык жана миграциялык маселелер боюнча тыгыз кызматташарын билдирди.

Буга чейин АКШ 36 мамлекеттин катарында Кыргызстандын жарандарына да өз аймагына кирүүгө тыюу салышы мүмкүн экени тууралуу маалымат жарыяланган. Washington Post гезити 15-июнда Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаментиндеги кызматтык катка шилтеме кылып жазган тизмеге Кыргызстан, Египет, Жибути, Камерун, Нигерия, Сирия, Танзания жана башка Африка, Кариб аймагынын жана Тынч океан бассейниндеги өлкөлөр кирген.

14-июнда тизмеге кирген өлкөлөр менен иштеген дипломаттарга мамлекеттик катчы Марко Рубионун колу коюлган кызматтык кат тапшырылган. Анда бул өлкөлөргө Вашингтондун жаңы талаптарын аткарууга 60 күн убакыт берилери жазылган.

Тышкы иштер министрлиги АКШдан бул боюнча расмий билдирүү ала электигин белгилеп, бул тизме кантип түзүлгөнү Кыргызстан үчүн “түшүнүксүз болуп жатканын” 16-июнда билдирген. Мекеме маселени АКШ элчилигинин консулун чакырып талкуулаган.

18-июнда Кыргызстандын АКШдагы элчиси Айбек Молдогазиев Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысынын орун басары Жон Марк Поммершайм менен да бул маселелерди сүйлөшкөн.

Шерине

XS
SM
MD
LG