Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:04
Украина.
Украина.

Түз ободо Киев аза күтүүдө, Орусия соккуларын улантууда

Украинада согуш башталганына үч жыл толду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

16:47

Орусиянын президенти Владимир Путин Украинадагы согушту жөнгө салуунун "жолун" табууга жана украин мамлекет башчысы Владимир Зеленский менен ыктымал жолугушууга даярдыгын билдирди.

Муну менен катар ал олуттуу чегинүүгө баруу даярдыгын ишарат кылган жок жана Зеленскийди Москвада легитимсиз деп эсептешерин кайталады.

Шаршембинин кечинде Санкт-Петербургдагы экономикалык форумда журналисттердин суроолоруна жооп бергенде орус президенти "азыркы жаңжалга гана чекит койбостон", келечекте да мындай кырдаалдын "пайда болушун алдын алуучу чечимдерди кабыл алуу керектигин"айтты.

Путин мындай билдирүүнү Киевде апта башында урулган соккудан каза тапкандар 28 кишиге жеткен, жарадарлар 150дөн ашкан маалда жасады. 17-июнга караган түнү коюлган чабуулдан турак жайдын бир подъезди урап калган.

Associated Press агенттигинин кабарчысы буга байланыштуу суроо бергенде, Путин бутага аскердик заводдор алынганын, мындай чабуулдар уланарын, себеби башкы максат “Украинанын демилитаризациясы” экенин айтты. Москва, көптөгөн далилдерге карабай согуштун башынан бери карапайым элди аткылабаганын айтууда.

Орус президенти 22-июндан кийин Киев менен сүйлөшүүлөрдү жандандыруу тууралуу кеңешүүлөр жүрүп жатканын кошумчалады.

Зеленский баш калаага урулган соккуну “ачыктан-ачык терроризм” деп атап, ал үчүн Путинди айпытаган.

Орусия басып киргенден бери Украинада, БУУнун маалыматына караганда, 13 миңден ашуун карапайым кишинин өмүрү кыйылды. Алардын көбү орус аскерлеринин ракета жана дрон чабуулдарынан каза тапкан. Өлкөнүн расмий өкүлдөрү жайкын украиндер арасындагы жоготуулар мындан көп деп айтышат.

13:56

17-июнга караган түнү урулган соккудан Киевде 14 адам каза таап, 114ү жабыркады. Одессагы орусиялык дрондор чабуул койду. Бирөө каза таап, калгандары уранды астынан изделүүдө.

15:50 18.6.2025

17-июнга караган түнү болгон Орусиянын ракеталык соккусунан Киевде каза тапкандар саны 23кө жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы 18-июнда кабарлады.

Киевдин Соломенка районундагы көп кабаттуу үйдүн урандыларынын арасынан куткаруучулар дагы жети адамдын сөөгүн алып чыгышты. Бул маалымат жарыялангандан кийин дагы эки адамдын сөөгү табылганы белгилүү болду.

Чабуулдан жараат алгандар 134 адам.

Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызмат тараткан маалыматта дайынсыздарды издөө уланып жатканын айтылат:

"Бизде каза тапкандар боюнча так сан жок. Шаар бийлиги айрым адамдар байланышка чыкпай жатканын маалымдаган. Бизге белгилүү болгону 35 батир толугу менен талкаланды. Издөө жана тазалоо иштери уланууда".

18-июнь Украинанын борбору Киев шаарында Аза күтүү күнү деп жарыяланган.

17-июнга караган түнү украин баш калаасы Орусиянын жапырт аткылоосуна кабылган. Киевде чабуулга турак үй туш болуп, анын бир бөлүгү толук урап түштү. Украинанын президенти Владимир Зеленский бул чабуулду "Киевге жасалган эң катуу соккулардын бири" деп атады.

Анын айтымында, баш калаанын бир нече районуна 27 жерден сокку урулган.

Украина Куралдуу күчтөрүнүн маалыматына ылайык, Орусия 18-июнга караган түнү өлкө аймагына 58 дрон менен чабуул койду.

Аскердик командачылык алардын ичинен 30 дрон атып түшүрүлгөнүн же өз алдынча кулаганын билдирди.

Москва далилдерге карабастан Украинанын шаарлары менен айылдарынын жарандык инфраструктурасына чабуул жасап, социалдык объектилерин талкалап жатканын четке кагып келет.

Украин бийлиги жана эл аралык уюмдар бул соккуларды Орусиянын "аскердик кылмышы" катары санайт.

12:09 17.6.2025

“Свобода” радиосунун украин кызматы билдиргендей, Киевге урулган дрон соккусунан кеминде 16 киши каза болду. Калаа мэри Виталий Кличко набыт болгондордун бири АКШ жараны экенин, 55 киши жараат алганын билдирди.

Украинанын Ички иштер министрлиги кабарлагандай, дрон чабуулдары кеминде Киевдин ар кайсы районундагы 27 жерге урулуп, турак үйлөр, билим берүү мекемелери жана башка имараттар зыян тарткан.

Одессада Орусиянын дрон чабуулунан ондон ашык киши жараат алды. Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы бул соккулардан “олуттуу зыян” болгонун билдирди.


Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG